188 орундуу учакта жалгыз өзү учту

5 апрель 2019 15:57 2816 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Литванын жараны Скирмантас Стримайтис 188 орундуу учакта жалгыз өзү жүргүнчү боло турганын укканда төбө чачы тик турду. Бул тууралуу USA Today булагы кабарлады.

Вильнюс шаарынан Италиянын Бергамо шаарына чейин уча турган жүргүнчү Boeing 737-800 учагын жалгыз ээледи.

Литвалык өзүнүн туулган шаарындагы аэропортто катоодо өтүп жатканда эле күмөн пайда болгон. Ал жерден ага кечикпесе деле команда аны күтүп жатканын айтышкан.

Скирмантас бортко чыкканда ээн салонду көргөн. Лайнерде андан тышкары экипаждынг 5 мүчөсү жана 2 учкуч болгон.

Көрсө Литванын турагенттиктеринин бири Италиядан Литвага уча турган бир учак  толо туристтер үчүн тапшырык берген экен. Бош учакты учурбай деп бир тараптуу арзан билет сатылат деп жарыялашкан. Скирмантас Стримайтис ушул акцияга кабылып калган.

Ссылка: https://barometr.kg/188-orunduu-uchakta-zhalgyz-z-uchtu



Добавить комментарий