18-сентябрда Кыргызстандын аймагында жаан жаап, тоолу райондорго кар түшөт
Бөлүшүү:
18-сентябрда Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас облусунун кээ бир райондорунда мезгил-мезгили менен жаан-чачын болот. Батыштан жел согот, кээ бир райондордо ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетет. Бул тууралуу «Кыргызгидромет» борбору берген маалыматка таянып «Барометр» билдирет.
Абанын температурасы:
Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарында +18-23°
Чүй облусунда +14-19°
Нарын облусунда +12-17°
Ысык-Көл облусунда +12-17°
Талас облусунда +11-16°
Бишкек шаарында +17-19° болот. Жаан жаашы күтүлүүдө.
Ссылка: https://barometr.kg/18-sentyabrda-kyrgyzstandyn-ajmagynda-zhaan-zhaajt
Добавить комментарий ×