18-майда Кыргызстанда күн ачык болот
Бөлүшүү:
18-майда Ош, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт. Калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Күн ачык болот. Бул тууралуу "Кыргызгидромет” борбору берген маалыматка шилтеме кылып “Барометр” билдирет.
Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында +28... +33°;
Талас облусунда +24... +29°;
Чүй облусунда +25... + 30°;
Нарын облусунда +17... +22°;
Ысык-Көл оюлусунда +15... 20°;
Бишкек шаарында жамгыр жаабайт. Абанын температурасы +28… +30° болот.
Ссылка: https://barometr.kg/18-majda-kyrgyzstanda-kn-achyk-bolot
Добавить комментарий ×