17 жаштагы кызды ичегиси жарылса да ооруканадан чыгарышып, ал каза тапты

4 июль 2019 15:42 2737 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Дарыгерлер ичегиси жарылган кызды үйүнө чыгарып салышкан. Ал каза тапты. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинде комиссия түзүлдү. 

17 жаштагы кыздын каза тапканы тууралуу маалыматты Facebook социалдык тармагына Дождь Жанна деген колдонуучу маалымдады.

Анын айтымында, Кемин райондук ооруканасына 17 жаштагы кыз ичи ооруп кайрылган.

“Дарыгер эч кандай анализ албай, УЗИге дагы текшербей туруп клизма жазган.Үч күн клизма жасашкандан кийин кыздын абалы начарлап аны Бишкекке жиберишкен. Кызды ар кайсы ооруканага жөнөтүшүп, соңунда Фучиктеги № 1 шаардык оорукана кабыл алган. Дарыгерлер аны операция кылып көрүшүп ичегиси жарылганын, баардык масса ички органга жайылганын көрүшкөн”,-деп жазды колдонуучу.

Анын айтымында, дарыгерлер оперциядан кийин аны ата-энесине кысым жасоо менен “Кеминге барып дарылангыла” деп үйүнө чыгарып беришкен

“Ичи жарылган, оор абалда аны үйгө алып кетишкен, кыз каза тапты”,-дейт Дождь Жанна.

Учурда Саламаттыкты сактоо министрлиги бул боюнча комиссия түзүлгөнүн билдирди.


 

Ссылка: https://barometr.kg/17-zhashtagy-kyzdy-ichegisi-zharylsa-da-oorukanadan-chygaryshyp-al-kaza-tapty



Добавить комментарий