17-сентябрда Бишкекте жаан жаашы күтүлүүдө

17 сентябрь 2020 08:30 865 Barometr
Бөлүшүү:
ok

17-сентябрда Чүй, Талас облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир жерлеринде, Жалал-Абад, Ош облустарынын тоолуу аймактарында жаан-чачын болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетет. Бул тууралуу «Кыргызгидромет» борбору берген маалыматка шилтеме берип «Барометр» билдирет.

Абанын температурасы:

Жалал-Абад, Баткен, Ош облустарында +24-29°

Ысык-Көл облусунда +19-24°

Чүй облусунда +20-25°

Нарын облусунда +18-23°

Талас облусунда +18-23°

Бишкек шаарында жаан жаашы мүмкүн, абанын температурасы +23-25° болот.

Ссылка: https://barometr.kg/17-sentyabrda-bishkekte-zhaan-zhaashy-ktld



Добавить комментарий