17-мартта Кыргызстанда жаан, кар жаайт
17-мартта Ош, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда жаан, кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу “Кыргызгидромет” борбору берген маалыматка таянып “Барометр” билдирет.
Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда -2…+3°;
Талас облусунда -2…+3°;
Баткен облусунда +1…+6°;
Ош жана Жалал-Абад облустарында +1…+6°;
Ысык-Көл облусунда 0…+5°;
Нарын облусунда -2…+3°;
Бишкекте 17-мартта жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы +1…+3° чейин жылыйт.
Ссылка: https://barometr.kg/17-martta-kyrgyzstanda-zhaan-kar-zhaajt
Добавить комментарий ×