17-июнда Кыргызстанда жаан жаайт, Бишкекте күн ачык болот

17 июнь 2021 08:56 577 Айпери Эшенкулова
Бөлүшүү:
ok

17-июнда Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондордо кар жаайт.

Бул тууралуу "Кыргызгидромет” борборунун маалыматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда +28… +33°;

Талас облусунда +26… +31°;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында +31… +36°;

Ысык-Көл облусунда +21… +26°;

Нарын облусунда +19… +24°;

Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы +30… +32° болот.

Ссылка: https://barometr.kg/17-iyunda-kyrgyzstanda-zhaan-zhaajt-bishkekte-kn-achyk-bolot



Добавить комментарий