151 миң киши коронавирустун курмандыгы болду
18-апрелге алынган маалымат боюнча дүйнө жүзү боюнча 151 020 киши коронавирустун курмандыгы болушту. 2,2 миллион кишиге вирус жукканы тастыкталды. 563 миң киши оорудан айыкты.
Оору жуккандардын жана андан каза болгондордун саны боюнча АКШ биринчи орунга чыкты. Ал жакта 34 614 киши каза болуп, 684 920 кишиге коронавирус жукканы ырасталды.
Андан кийинки орунда Испания турат. Учурда 188 миң кишиге вирус жугуп, ал 19 613 кишинин өмүрүн алды. Үчүнчү орунда Италия. Бул мамлекетте 172 424 кишиге вирус жугуп, 22 745 киши оорудан каза болду.
Ошондой эле абал, Францияда, Германияда, Улуу Британияда, Иранда, Түркияда оор бойдон калууда.
Ал эми оору биринчилерден болуп катталган Кытайда учурда 83 730 кишиге вирус жугуп, оорудан 4 632 киши каза болду.
Кыргызстанда болсо акыркы маалымат боюнча 489 кишиге жугуп, беш киши оорунун курмандыгы болду.
Ссылка: https://barometr.kg/151-mi-kishi-koronavirustun-kurmandygy-boldu
Добавить комментарий ×