15-сентябрда Кыргызстандын айрым аймактарында жаан жаайт. Бишкекте күн ачык болот
15-cентябрда Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу аймактарында жаан жаайт. Бийик тоолорго кар түшөт. Дыйканчылык аймактарда жаан-чачын болбойт. Батыштан жел согуп турат, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жеткен шамал болот. Бул тууралуу «Кыргызгидромет» борбору берген маалыматка таянып "Барометр" билдирет.
Абанын температурасы:
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +23-28°
Талас облусунда +22-27°
Ысык-Көлдө +16-21°
Нарын облусунда +18-23°
Чүй облусунда +23-28°
Бишкек шаарында абанын температурасы +26-28° болот, жаан-чачын жаабайт.
Ссылка: https://barometr.kg/15-sentyabrda-bishkekte-kn-achyk-bolot
Добавить комментарий ×