130 миллион аары алып келе жаткан унаа аңтарылды

12 июнь 2019 14:46 2188 Barometr
Бөлүшүү:
ok

10-июнда Американын Монтана штатындагы Бозмен шаарында 130 миллион аары жүктөп келе жаткан жүк ташуучу унаа оодарылды. Бул туурасында segodnya.ua сайты жазды.
Унаа жолдун кесилишинен кырсыктаган. Айдоочу аман калган. Бирок үстүнөн 3 миңдей аары чыгып кеткен.
Эксперттер жүк ташуучу унаанын үстүндө 40 миң фунт (18 миң килограмм) жүк же болжолдуу 133 миллион аары болгонун болжолдошууда.

Жергиликтүү бийлик кырсык тууралуу тургундарга эскертти. Аарылар чагышы мүмкүн экенин, уусу аллергия дарты менен жабыркагандарга коркунуч жаратарын баса белгиледи.

Ссылка: https://barometr.kg/130-million-aary-alyp-kele-zhatkan-unaa-taryldy



Добавить комментарий