Түркиядагы жол кырсыгы: Ооруканада жаткан дагы бир казакстандык турист каза болду
Түркияда кырсыкка кабылган казакстандык туристтердин дагы бири ооруканадан каза болду. Бул тууралуу “Барометр” билдирет.
Маалым болгондой, жол кырсыгынан жаракат алып, ооруканада жаткан дагы бир казакстандык турист түн ичинде каза болду.
"Түрк дарыгерлеринин маалыматы боюнча, Казакстандын дагы бир жараны кечээ кечке жуук Алания мамлекеттик ооруканасында каза болгон. Учурда маркумдун жакындары ооруканада. Аларга керектүү жардамдар көрсөтүлүүдө. Документ иштери бүткөндөн кийин, сөөк Казакстанга жөнөтүлөт», - деп айтылат Казакстандын тышкы иштер министрлигинин маалыматында.
Анын айтымында, буга чейин каза болгон казакстандык туристтин сөөгү мекенине жеткирилген.
Эске салсак, Алания облусунда туристтик кичи автобус менен жүк ташуучу унаа кагылышып, 4 адам каза болуп, 12 адам жаракат алган.
Туристтик кичи автобустун айдоочусу жана гид окуя болгон жерде каза болгон. Кырсыктагандардын алтоо оор жаракат алган. Ал эми, 12 турист Алания жана Манавгат райондорундагы ооруканаларга жеткирилген.
Кийинчерээк түрк басылмалары кичиавтобустун кырсыкка учураган видеосун жарыялашкан.
Буга чейин, 30-июлда Аланиядагы кырсыктан кийин ооруканага жаткырылып, операция жасалган казакстандык каза болгону маалымдалган.
Добавить комментарий ×