13 жаштагы Акылбек менталдык арифметика боюнча эл аралык олимпиадада супер чемпион болду

2 февраль 2020 18:27 1104 Barometr
Бөлүшүү:
ok

“Альянс Алтын” менен “Бакубат Талас” фонду жаш таланттарды колдоого өзгөчө көңүл бурат. Акылбек Каныбеков Грузияда өткөн менталдык арифметика боюнча эл аралык олимпиадада экинчи ирет чемпион болду.

“Альянс Алтын” Акылбектин жол киресин жана башка чыгымдарын толугу менен төлөп берген. Кыргызстандан бул олимпиадага 28 бала барган. Ал эми буль олимпиадага Грузиядан, Өзбекстандан, Тажикстандан жана Ирандан 6 жаштан 14 жашка чейинки балдар келген.

Акылбек менталдык арифметикадан башка кубик рубикти чогултуу боюнча конкурста биринчи орунду алып, супер чемпион атыкты.

30-январда Акылбек апасы менен “Альянс Алтындын” кеңсесине барып, компаниянын башкы директору Михаил Шубин жеңүүчүнү менен жолукту.

“Жаш таланттардын эл аралык олимпиадаларга жана беттештерге катыштыруу менен алардын катылып жаткан жөндөмдүүлүктөрүн ачып жатабыз”, — деди Шубин.

Ал Акылбекке мындан ары да ийгиликтерди каалады.

Ссылка: https://barometr.kg/13-zhashtagy-akylbek-mentaldyk-arifmetika-boyuncha-el-aralyk-olimpiadada-super-chempion-boldu



Добавить комментарий