13-майда Кыргызстандын көпчүлүк облустарында жаан жаайт, Бишкекте күн ачык болот
13-майда Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында жана Чүй, Нарын, Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаайт. Бийик тоолордо кар жаайт. Талас, Баткен облустарында жаан-чачын жаабайт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу "Кыргызгидромет” борбору берген маалыматка шилтеме кылып “Барометр” билдирет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда +20… +25°;
Талас облусунда +20… +25°;
Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында +24… +29°;
Ысык-Көл облусунда +15… +20°;
Нарын облусунда +17… +22°;
Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы +23… +25° градус болот.
Ссылка: https://barometr.kg/13-majda-kyrgyzstandyn-kpchlk-oblustarynda-zhaan-zhaajt-bishkekte-kn-achyk-bolot
Добавить комментарий ×