12 жаштагы баланы уурдап кеткендер суралды: акча талап кылышмак
Социалдык түйүндөргө 12 жаштагы Данилди уурдап кеткендерди суракка алган видео таралды.
Алардын бири Казакстанда туулган Эдуард Шиян, экинчиси - кыргызстандык Владимир Руднев болуп чыкты.
Кармалгандардын айтымында алар баланын ата-энесин таанышчу жана Данилди акча талап кылыш үчүн уурдашкан. Акчанын суммасын айтышкан жок жана бул тууралуу ойлонушпаганын кошумчалашты.
Эскерте кетсек, уурдалып кеткен 12 жаштагы Данил Браилкин кечээ, 11-апрелде болжол менен саат 21:30да Чүй областынын ички иштер органдарынын кызматкерлери тарабынан аман-эсен табылган.
Barometr.kgге милиция кызматкерлери кабарлашкандай, баланы уурдап кеткен унааны ага тагылган GPS аркылуу табышкан.
“Унаа Панорамынан аймагында болгон. Эки экек кармалды”,-деп кабарлашты милициялар редакцияга.
Ссылка: https://barometr.kg/12-zhashtagy-balany-uurdap-ketkender-suraldy-akcha-talap-kylyshmak
Добавить комментарий ×