11-майда Кыргызстанда жаан, бийик тоолуу аймактарында кар жаайт

11 май 2021 09:00 1765 Barometr
Бөлүшүү:
ok

11-майда Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт. Талас облусунда жаан-чачын жаабайт. Бийик тоолуу райондордо кар жаап, жолдор тайгак болот. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу "Кыргызгидромет” борбору берген маалыматка шилтеме кылып “Барометр” билдирет.

Абанын температурасы: 

Чүй облусунда  +22… +27°;

Талас облусунда +21… +26°;

Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында  +23…  +28°;

Ысык-Көл облусунда  +18… +23°;

Нарын облусунда +18… +23°;

Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы  +25… +27°градус болот.

Ссылка: https://barometr.kg/11-majda-kyrgyzstandyn-kp-ajmaktarynda-zhaan-zhaajt-bishkekte-zhaan-chachyn-zhaabajt



Добавить комментарий