11-апрелде Ат-Башы суусуна чөгүп кеткен баланын сөөгү табылды
Бөлүшүү:
Чүй областынын Константиновка айылындагы сууга чөгүп кеткен төрт жаштагы баланын сөөгү табылды. Бул тууралуу КРнын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Баланын сөөгүн бүгүн, 19-апрелде болжол менен саат 12:15те Бирлик менен Гроздь айылдарынын ортосунда Чу суусунан, бала сууга агып кеткен жерден 12-13 чакырым алыстыкта табышты.
Эскерте кетсек, бала 11-апрелде Ат-Башы суусуна чөгүп кеткен. Аны издөөгө 100дөн ашык куткаруучу тартылган. Ошондой эле издөө иштерине Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери дагы көмөктөшкөн.
Ссылка: https://barometr.kg/11-aprelde-bashy-suusuna-chgp-ketken-balanyn-sg-tabyldy
Добавить комментарий ×