11-апрелде Ат-Башы суусуна чөгүп кеткен баланын сөөгү табылды

19 апреля 2019 13:25 2064 Barometr
Поделиться в:
ok

Чүй областынын Константиновка айылындагы сууга чөгүп кеткен  төрт жаштагы баланын сөөгү табылды. Бул тууралуу КРнын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Баланын сөөгүн бүгүн, 19-апрелде болжол менен саат 12:15те Бирлик менен Гроздь айылдарынын ортосунда Чу суусунан, бала сууга агып кеткен жерден 12-13 чакырым алыстыкта табышты.

Эскерте кетсек, бала 11-апрелде Ат-Башы суусуна чөгүп кеткен. Аны издөөгө 100дөн ашык куткаруучу тартылган. Ошондой эле издөө иштерине Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери дагы көмөктөшкөн.

Ссылка: https://barometr.kg/11-aprelde-bashy-suusuna-chgp-ketken-balanyn-sg-tabyldy



Добавить комментарий