10-июль: көп аймактарда жамгыр жаайт, температура төмөндөйт
Бөлүшүү:
Эртең, 10-июлда Жалал-Абад жана Чүй областынын тоолуу аймактарында кыска мөөнөттүү жамгыр жаайт, калган аймактарда күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматына таянуу менен “Барометр” билдирет.
Күндүз Нарын областынын көп аймактарында, Чүй, Талас,Баткен, Ысык-Көл областтарында жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Бишкек шаарында түнкүсүн жаан жаабайт, күндүз кыска мөөнөттүү жамгыр жаап, күн күркүрөйт.Аабанын температурасы түнкүсүн +22…+24, күндүз +33…+35 болот.
Ссылка: https://barometr.kg/10-iyul-kp-ajmaktarda-zhamgyr-zhaajt-temperatura-tmndjt
Добавить комментарий ×