10-февралдан 13-февралга чейин кар жаайт

8 февраль 2020 08:50 682 Barometr
Бөлүшүү:
ok

10-февралдан 13-февралга чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-255-чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), Мырза-Аке - Кара-Кулжа - Алайкуу унаа жолунун 45-115-чакырымдарында, Ала-Бука - Каныш-Кыя унаа жолунун 68-99-чакырымдарында (Чапчыма ашуусу), Красная Горка - Ак-Таш унаа жолунун 1-4-чакырымдарында кар көчкү түшүүcү күтүлөт. Жолдор тоңуп тайгак болот. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Андыктан унаалардын ортосунда 500 метр аралык кыймылды сактоо зарыл.


Ссылка: https://barometr.kg/10-fevralynan-13-fevralyna-chejin-kar-zhaajt



Добавить комментарий