1-сентябрдан баштап электр энергиясына жаңы баа киргизүү пландалууда

6 июль 2021 14:12 4803 Barometr
Бөлүшүү:
ok

1-сентябрдан баштап электр энергиясына жаңы баа киргизүү пландалууда. Бул тууралуу Бишкекте болгон басма сөз жыйынында Энергетика жана өнөр жай министрлигине караштуу отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары Миргуль Айдарова маалымдаганын “Барометр” билдирет.

Анын айтымында, буга чейин ведомство 1-августтан тартып жаңы баа саясатын киргизүүнү пландаган.

“Бүгүнкү күндө бир аз кечигип жатабыз. Биз документтерди бүтүрүшүбүз керек. Жаңы укуктук-нормативдик акт Юстиция министрлигинде каттоодон өткөрүлөт. Эгерде 15-июлда долбоорду коомдук талкуулоо аягына чыкса, биз аны өкмөттүн макулдугуна алып кириш үчүн бир ай керек. Андан соң 15-августтарда өкмөттүн токтомун күтүп калабыз. Ошентип биз 1-сентябрда киргизели деп жатабыз”,-деп белгиледи Миргуль Айдарова.

Белгилей кетсек, июнь айында Энергетика жана өнөр жай министрлиги коомдук талкууга 2021-2025-жылдарга электр энергиясына карата орточо тарифтик саясат тууралуу өкмөттүн токтом долбоорун алып чыккан.

Анда электр баасын баскыч-баскычы менен кымбаттатуу сунушталган.

Адегенде калк үчүн электрдин баасын 1 сом 9,5 тыйындан кылышат жана ал жыл сайын жогорулатылып 2023-жылга карай киловатт-саат энергия 1 сом 48 тыйындан бааланат.

Күз-кыш мезгилинде 1 миң киловатт-саат үчүн лимит киргизилет, андан ашып кеткен колдонуучулар бааны 2 сом 52 тыйындан төлөшү керек.

 

Ссылка: https://barometr.kg/1-sentyabrdan-bashtap-elektr-energiyasyna-zhay-baa-kirgiz-plandaluuda



Добавить комментарий