1-октябрда «Ак Илбирс» кино сыйлыгын тапшыруу аземи болот

29 сентябрь 2021 09:36 1199 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бишкекте 1-октбярда IX “Ак илбирс” Улуттук кино сыйлыгын тапшыруу иш-чарасы болот. Бул тууралуу уюштуруучулар кабарлашканын “Барометр” билдирет.

Улуттук “Ак илбирс” кино сыйлыгы-жыл сайын жылдын жыйынтыгы менен кинематография тармагындагы эң мыкты адистерге бериле турган сыйлык. Сыйлык өлкөнүн кинематографтарынын көркөмдүк деңгээлинин өсүшүнө стимул беруү, улуттук кинематография ишмерлеринин жетишкендиктерин белгилөө максатында тапшырылып келет.

2019-жылдын сыйлыгын тапшыруу 25-апрелге белгиленген, бирок пандемиядан улам өтпөй калган.

Быйыл аталган салтанат 1-октябрда саат 17:00дө “Манас” кинотеатрында болот.

 

Ссылка: https://barometr.kg/1-oktyabrda-ak-ilbirs-kino-syjlygyn-tapshyruu-azemi-bolot



Добавить комментарий