1-апрелде Кыргызстанда жаан, кар жаайт

1 апрель 2021 09:20 2562 Barometr
Бөлүшүү:
ok

1-апрелде көпчүлүк аймактарда маал-маалы менен жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт. Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Бул тууралуу “Кыргызгидромет” борбору берген маалыматка таянып “Барометр” билдирет.

Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда 0…+5°;

Талас облусунда 0…+5°;

Ош, Баткен, Жалал-Абад облусунда +4…+9°;

Ысык-Көл облусунда +1…+6°;

Нарын облусунда -1…+4°;

Бишкекте жаан, кар жаайт. Абанын температурасы +1…+3° болот.

Ссылка: https://barometr.kg/1-aprelde-kyrgyzstanda-zhaan-kar-zhaajt



Добавить комментарий