Ат-Башыда жашагандарга жөлөкпул төлөнбөй калабы? Өкмөттүн жообу
Бийик тоолуу райондордун, анын ичинде Ат-Башы районунун жашоочуларына жөлөкпул төлөнбөй калуусу мүмкүн экендиги тууралуу социалдык тармактарда тараган маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынын жетекчиси Чыңгыз Эсенгулов билдирди.
Белгилей кетсек, социалдык тармактар менен мессенджерлерде бийик тоолуу аймактарда жашагандарга жөлөк пул төлөнбөйт экен деген маанайдагы билдирүүлөр тарап жатат.
“Кыргыз өкмөтү мындай чечимдерди демилгелеген эмес. Бул сыяктуу акылга сыйбаган имиштер белгилүү бир саясий чөйрөлөр аркылуу өздөрүнүн конъюктуралык кызыкчылыктарын көздөп жайылтылууда деп эсептейбиз”, — деди Эсенгулов.
Ссылка: https://barometr.kg/-bashyda-zhashagandarga-zhlkpul-tlnbj-kalaby-kmttn-zhoobu
Добавить комментарий ×