Ат-Башыда коронавирус менен ооруган акыркы жаран айыгып, үйүнө чыгарылды
Бөлүшүү:
Бүгүнкү күндө Ат-Башы райондук ооруканасында коронавирус илдети менен ооруган бир дагы бейтап жок жок экенин райондун акими Нурбек Сатаров билдирди.
“22-майда акыркы бейтап айыгып үйүнө чыгарылды. Мен жалпы жергиликтүү элге терең ыраазычылык билдирип кетем. Карантин убагында жалпы эл кырдаалды түшүнүү менен кабыл алып, санитардык-карантиндик талаптарды жакшы сактап жатышат”, - деди ал.
Эске салсак, 23-майга карата Кыргызстан боюнча 1365 кишиге жетип, 957 киши оорудан айыкты.
Ссылка: https://barometr.kg/-bashyda-koronavirus-menen-oorugan-akyrky-zharan-ajygyp-jn-chygaryldy
Добавить комментарий ×