Ат-Башыда бодо мал союлуп, эти дарыгерлерге таратылды (Сүрөт)

23 июль 2020 12:01 1412 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Ат-Башы районунунда бодо мал союлуп, анын эти медицина кызматкерлерине таратылып берилди. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын басма сөз кызматына шилтеме берип "Барометр" билдирет. 

Кечээ, 22-июлда Ат-Башы районунундагы борбордук мечиттинде кайрымдуу адамдардын жардамы менен бодо мал союлуп, ооруканада иштеген кызматкерлерге таратылып берилди. Мал союуга Ат-Башы районунун акими Нурбек Сатаров жана анын орун басарлары, Ат-Башы райондук ооруканасынын башкы дарыгери Илим Бейшеналиевич катышты.

«Бүгүнкү кырдаалга байланыштуу кайдыгер карабаган жарандарыбыз демөөрчү болуп бодо мал алып беришти. Бодо малдын этин ооруканада күнү-түнү эл кызматында иштеген медицина кызматкерлерине таркатып бердик. Демөөрчү болгон байке-эжелерибизге, райондун жетекчилигине ыраазычылык билдиребиз. Кудайым буюрса бүгүнкү ооруп жаткан бейтаптар эртерээк сакайып кетүүсү үчүн, элибиздин амандыгын тилеп, бата кылдык», - деди башкы имам хатиб.


Ссылка: https://barometr.kg/-bashyda-demrchlr-tarabynan-bodo-mal-soyulup-eti-darygerler-taratyldy



Добавить комментарий