Ат-Башы районунда катуу шамал катталды

9 апрель 2020 17:16 1654 Barometr
Бөлүшүү:
ok

8-апрель күнү саат 20:00-23:00 чамасына чейин Нарын облусунда аймагында шамал болуп, Ат-Башы районунун аймагында шамалдын ылдамдыгы секундасына 23-25 метрге чейин жетип, калктуу конуштардагы турак жайлардын жана административдик имараттардын  чатырларын учуруп зыян келтирген. Бул тууралуу  КР ӨКМдин Басма сөз кызматы билдирди. 

Учурда ӨКМнин Ат-Башы райондук Жарандык коргонуу комиссиясы жана Ат-Башы райондук ӨК бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Кошумча маалымат берилет.


Ссылка: https://barometr.kg/-bashy-rajonunda-katuu-shamal-kattaldy



Добавить комментарий