Он-Арча суусуна агып кеткен алты жашар кызды издөө иши уланууда
Нарын районунун Миң-Булак айылындагы Он-Арча суусуна түшүп кеткен алты жашар кызды издөө беш күндөн бери уланууда. Бул тууралуу билүү үчүн Вarometr.kg сайты Өзгөчө кырдаалдар министирлигинен маалымат алды:
“Кичинекей кыз сууга түшүп кеткенден бери издөө иштерин өткөрүү максатында 21 куткаруучу, 4 суучул жана жергиликтүү тургундардан 40 адам тартылган. Бирок тилеке каршы табыла элек. Издөө иши бүгүн да улантылат ” – деп билдиришти.
Белгилей кетсек, алты жашар кыз 17-майда балдар менен ойноп жатып бут кийимин сууга түшүрүп алган. Аны алууга аракет жасап жатып өзү сууга түшүп кеткен. Ошондон бери табыла элек.
Ссылка: https://barometr.kg/-archa-suusuna-agyp-ketken-alty-zhashar-kyzdy-izd-ishi-ulanuuda
Добавить комментарий ×