Кеминде жаңы жолдордун курулуш иши аяктап, колдонууга берилди

18 ноября 2020 14:38 1550 Barometr
Поделиться в:
ok

6-ноябрда Кемин районунун Нур айылында жаңы асфальтталган 1 чакырым жолдун расмий ачылышы болду. Салтанаттуу иш-чарага жергиликтүү тургундар, ошондой эле, Кемин шаардык кеңешинин депутаттары катышты.

Аталган жол айыл тургундары үчүн көптөн бери көйгөй жаратып келген, буга байланыштуу Нур айылынын аксакалдары Кемин шаардык кеңешине ушул көйгөйдү чечип берүү өтүнүчү менен кайрылышкан.

Бардык кайрылууларды карап чыгып, Кемин шаардык кеңеши Нур айылынын аксакалдарынын демилгесин колдоп, жол куруп беришти.

Ошентип, көптөн бери чечилбей келген көйгөй чечилди.

Кемин шаардык кеңешинин төрагасы Кубатбек Мамыровдун Транспорт жана жолдор министрлигине көптөгөн кайрылууларынан кийин, Кемин шаарына аймактарды өнүктүрүү программасынын алкагында өткөн жылдарда Республикалык бюджеттен алынбай калган дагы 4 чакырым жолдун курулуш иштерине каражат келип түшкөн.

Мындан тышкары, Кемин шаарынын бюджетинен дагы үч чакырым жол салынды.

Жалпысынан, акыркы жылдары Кемин шаарында 12 чакырым жол курулган, анын 9 чакырымы аймактарды өнүктүрүүгө багытталган каражаттын эсебинен, ал эми Кемин шаарынын жергиликтүү бюджетинен 3 чакырым жол салынды.

Ссылка: https://barometr.kg/keminde-zhay-zholdordun-kurulush-ishi-ayaktap-koldonuuga-berildi



Добавить комментарий