Абанын температурасы төмөндөйт, бир катар аймактарда сел жүрүшү ыктымал

4 мая 2020 10:33 1346 Barometr
Поделиться в:
ok

4-майда түнкүсүн жана 5-7-майда Кыргызстандын аймагында туруксуз аба-ырайы күтүлөт. Көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМдин Басма сөз кызматы билдирди.  

Ал эми 4-майда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда, 5-7-майларда Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Кээ бир тоо этектеринде жана тоолуу райондордо мөндүр жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетиши ыктымал. Абанын температурасы төмөндөйт. Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат. 

4-7-майда күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Ош, Жалал Абад, Баткен облустарынын дарыяларында суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт, тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.

Ссылка: https://barometr.kg/kee-bir-rajondordo-zhaan-chachyn-katuu-zhaashy-ktlt



Добавить комментарий