Көчмөндөр оюну өтүп жаткан Кырчын жайлоосунда чет элдик жарандын буюмдары уурдалды
Үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтүп жаткан Ысык-Көлдүн Кырчын жайлоосунда чет элдик жарандын буюмдары уурдалды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Британия жараны 5-сентябрда жайлоодогу өзү жашап турган боз үйдөн баалуу буюмдарды жоготконун айтып, милицияга кайрылган. Милиция уурулук катталган жерди карап чыгып, боз үйдө чет элдик жарандын рюкзагынын ичинен видеокамера, фотоаппарат жана башка баалуу буюмдар уурдалганын аныктаган. Бул окуяга байланыштуу кылмыш ишин козголду.
Милициядан билдиришкендей, Териштирүүдө британ жаранына эки күн мурун Кырчындын жанындагы этно шаарчадан 100 метрдей алыстыкта боз үй тигилгени белгилүү болгон. Ал жер милиция кызматкерлери кайтарбаган аймак болуп эсептелинет. Буга чейин милиционерлер британ жаранына кайрылышып, боз үйдү этно шаарчага же милиция кайтарган аймактын ичине тигүүнү сунуштаган. Бирок чет элдик жаран ал сунушту уккан эмес.
Добавить комментарий ×