Казакстанга мыйзамсыз чек араны кесип өтүп бара жаткан КР жараны кармалды

23 июля 2018 22:30 1183 Элзат Нурманбетова
Поделиться в:
ok

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн билдирүүсүө ылайык “Чалдыбар-автожол” көзөмөл өткөрүү пунктунун  чек арачылары тарабынан  мамлекеттик чек араны  мыйзамсыз өтүүгө далалат кылган  Кыргыз Республикасынын  жараны кармалган.

1993-жылы туулган  С.А. аттуу жаран  мамлекеттик  чек араны  “Чалдыбар-автожол” көзөмөл өткөрүү пунктунан сырткары өтүүнү  пландаган. Ал паспорттук көзөмөлдөн өтпөстөн Казакстандын территориясына  өтүп кетүүгө далалат кылып, бирок, “Чалдыбар-автожол” көзөмөл өткөрүү пунктунун чек ара кызматы тарабынан  кармалган.  

Сурамжылоо учурунда  С.А. аттуу жаранга тиешелүү органдар тарабынан  республиканын аймагынан сырткары  чыгууга чектөө салынганы  дайын болгон.

Тиешелүү документтер толтурулгандан кийин, бузуучу,  КР ИИМ территориалдык  бөлүгүнүн  кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

Ссылка: https://barometr.kg/kazakstanga-myjzamsyz-chek-arany-kesip-tp-bara-zhatkan-kr-zharany-karmaldy



Добавить комментарий