Казакстанга Кыргызстандан эт алып кирүүгө болгон чектөө алынып салынды

19 октября 2018 11:40 1567 Элзат Нурманбетова
Поделиться в:
ok

Казакстан  Кыргызстандын этин алып кирүүгө тыюу салынган чектөөлөрдү алып салды. Бул тууралуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциядан маалымдашты.

Берилген маалыматка ылайык,  «Риха» ЖЧКсы, «Кантнанзаводу» ЖАК, «Баркад» ЖЧКсы, «Салих» ЖЧКсы, «Адал-Азык» ЖЧКсынан чектөөлөр алынып салынган. 

«Мамлекеттик ветеринардык инспекция коңшуларга Кыргызстандагы эпизоотикалык абал тууралуу маалымат берген, ага ылайык Казакстандын ветеринардык көзөмөл жана тескөө комитети чектөөнү алып салды», — деп жазылат маалыматта.

Ссылка: https://barometr.kg/kazakstanga-kyrgyzstandan-et-alyp-kirg-bolgon-chekt-alynyp-salyndy



Добавить комментарий