Казакстанда Ноорузду майрамдоого тыюу салынды
Бул жылы Казакстандын Нур-Султан шаары Нооруз майрамын майрамдашпайт. Анкени, аталган шаарда 18-марттан баштап, коронавирус илдетинин көп катталышынан улам карантиндик чектөөлөр киргизилген. Бул тууралуу жергиликтүү Tengrinews.kz сайты жазган маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.
"Нур-Султан шаары “кызыл зонада” экендигин эске алганда, 21-март Нооруз майрамы күнү шаарга карантиндик чектөөлөр киргизилди. Соода борборлору, оюун-зоок жайлары, спорттук жайлар, калкты тейлөө борборлору, базарлар толугу менен жабылат”, - деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле, коомдук транспорттун иши убактылуу токтотулары да кабарланды.
Ошону менен катары эле, Нур-Султан шаарында 18-марттан тарта тамактанчу жайлардын иштөө убактысы да эртең мененки 7:00дон кечи 22:00го чейин кыскартылды.
Эске сала кетсек, өткөн жылы Кыргызстанда да коронавирус илдетинин айынан өлкөгө киргизилген карантиндик чектөөлөргө байланыштуу Нооруз майрамы майрамдалган эмес.
Ссылка: https://barometr.kg/kazakstandyn-nur-sultan-shaarynda-nooruzdu-majramdoogo-tyyuu-salyndy
Добавить комментарий ×