Казакстандын Кордайындагы массалык жаңжалдан канча киши өлүп, канчасы жабыркаганы такталды

15 февраля 2020 12:07 898 Barometr
Поделиться в:
ok

Казакстандын Кыргызстан менен чектешкен Кордай районунда 7-8-февралда болгон массалык баш аламандыктан жалпысынан 185 киши жабыркаган. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазды.

Эске салсак, 7-февралдан 8-февралга караган түнү Кордай районундагы бир нече айылда жаңжал чыккан. Анда казактар менен уйгурлар мушташкан. Анын кесепетинен ондогон турай-жай, соода борборлору жана автоуналар күйүп кеткен.

Жаңжалдын кесепетинен 11 киши каза болгон. Ошондой эле укук коргоо органдары тарабынан 50дөй киши кармалган.

Казакстандын саламаттык сактоо министрлиги буга чейин жаңжалдан 170тен ашык киши жабыркаганын маалымдаган болчу.

Ссылка: https://barometr.kg/kazakstandyn-kordajyndagy-massalyk-zhazhaldan-kancha-kishi-lp-kanchasy-zhabyrkagany-taktaldy



Добавить комментарий