"Казакстандын Эл артисти" наамы 24 жылдан кийин кайрадан бериле баштайт

29 марта 2023 16:04 1291 Barometr
Поделиться в:
ok

Казакстандын көрүнүктүү маданият ишмерлерине кайрадан Эл артисти наамы ыйгарыла баштайт. Бул тууралуу Касым-Жомарт Токаев VIII чакырылыштагы парламенттин биринчи сессиясынын ачылышында билдирген маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет. 

Маалым болгондой, бул наам кайрадан 24 жылдан кийин маданият өкүлдөрүнө бериле турган болду. 

"Мен Казакстандын Эл артисти наамын калыбына келтирүүнү чечтим. Октябрь айында, Республика күнүн утурлай маданият ишмерлеринин биринчи тобуна бул наам ыйгарылат", — деди президент. 

Токаев белгилегендей, Казакстанда маданиятты өнүктүрүүнүн жаңы концепциясы иштелип жатат.  

Белгилей кетсек, Казакстанда “Эл артисти” наамы 1993-жылы бериле баштаган, бирок 1999-жылы жокко чыгарылган. 


 


Ссылка: https://barometr.kg/kazakstandyn-el-artisti-naamy-24-zhyldan-kijin-kajradan-madaniyat-kldrn-berile-turgan-boldu



Добавить комментарий