Казакстандык жаран 2002-жылдан бери Кыргызстандан кете албай жүргөн

5 ноября 2021 17:05 4615 Barometr
Поделиться в:
ok

Экстремизмге каршы аракеттенүү жана мыйзамсыз миграция кызматы менен Кемин райондук ички иштер бөлүмүнүн коомдук коопсуздук кызматынын кызматкерлери биргелешип “Кайырчы” деп аталган профилактикалык иш-чараны өткөрүштү.Бул тууралуу Чүй областтык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан кабарлашканын “Барометр” билдирет.

Аталган кабарга таянсак, 4-ноябрда рейд маалында милициялар жаш курагы 55-60 чамасындагы эркек кишининин өздүк документтери жок экенин аныкташкан. Ал укук коргоо кызматкерлерине Казакстандын 62 жаштагы жараны И.А. экенин айтып берген. Анын айтымында, ал 2002-жылы Кемин районундагы Бообек айылы аркылуу чек араны мыйзамсыз кесип өтүп Кыргызстанга жумуш издеп келген. Ошондон бери Кыргызстанда документи жок жашап жүрөт.

Бул тууралуу материалдар Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине жөнөтүлдү.

Ссылка: https://barometr.kg/kazakstandyk-zharan-2002-zhyldan-beri-kyrgyzstandan-kete-albaj-zhrgn



Добавить комментарий