Казакстандык Асель АКШнын мамлекеттик протоколунун башчысы болуп дайындалды
Казакстанда төрөлгөн Асель Робертс (Төленова) АКШнын мамлекеттик протоколунун жетекчисинин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Бул тууралуу АКШнын Мамлекеттик департаментинин расмий сайтына шилтеме берүү менен “Барометр” билдирет.
Асель Робертс (мурунку Төленова) 2021-жылдын 20-январында протоколдун жетекчисинин милдетин аткаруучу болуп дайындалган.
"Ал протоколдун башкармалыгында 15 жылдан ашуун эмгектенип келет. Асель айым Эдмунда Уолша Джорджтаун атындагы дипломатиялык кызматтын мектебинде эл аралык укук жана уюштуруу иши багытында билим алган. Ал англис, орус, казак жана жапон тилдеринде эркин сүйлөй алат", - деп жазылат сайтта.
Асель Төленова 1976-жылы Алматы облусунда туулган. 1993-жылы Джорджтаун университетинин Дипломатиялык мамилелер бөлүмүнө тапшырып, беш жылдан кийин АКШ президентинин протокол департаментинде кызмат өтөөгө киришкен. 2014-жылы ал бөлүм башчынын орун басары кызматына көтөрүлгөн.
Казакстандык айым Барак Обама президент болуп турган мезгилден бери протокол департаментинде иштейт. Анын сүрөтүн Германиянын Федералдык канцлери Ангела Меркелдин Instagram баракчасынан да тапса болот.
Жалпыга маалымдоо каражаттарынын билдиришинче, протоколдун башчысынын милдетин аткаруучу казакстандыктын жаңы кызмат ордуна АКШнын президентине, АКШнын вице-президентине жана АКШнын мамлекеттик катчысына мамлекеттик жана эл аралык дипломатиялык протокол боюнча кеңеш берүү кирет. Ошондой эле, ал элчи жана статс-катчынын жардамчысы рангына ээ.
Эске салсак, 78 жаштагы демократ Жо Байден АКШнын жаңы президенти болуп шайланды. Камала Харрис өлкөнүн биринчи афроамерикалык вице-президенти болду.
Ссылка: https://barometr.kg/kazakstandyk-asel-akshnyn-mamlekettik-protokolunun-bashchysy-bolup-dajyndaldy
Добавить комментарий ×