Казакстандан Кыргызстанга күйүүчү май салыксыз ташылып келине баштайт

21 января 2019 16:58 1480 Элзат Нурманбетова
Поделиться в:
ok

КР өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитети Казакстандан Кыргызстанга күйүүчү майды салыксыз ташып келүү тууралуу сүйлөшүүлөрдүн жүрүп жаткандыгын билдирди. 

Маалыматта айтылгандай, жогоруда аталган мекеменин жумушчу тобу Кыргызстан менен Казакстандын ортосунда соода-экономикалык кызматташуунун негизинде долбоорду ишке ашырууда эки өлкөнүн өкмөтү талкууларды жүргүзүүдө. 

Макулдашууларга ылайык, Казакстандан ташылып келинген күйүүчү майга салык алынбайт. 

Эске салсак, Казакстан Кыргызстанга 2019-жылдын февраль айлары менен бензинди экспорттоп баштаары тууралуу Казакстандын энергетика министри Канат Бозумбаев Zakon.kz маалымат агенттигине билдирген. Канат Бозумбаев дизелдик отундун экспортуна тыюу салынышынын себебин Орусияда баа жогору болгондуктан күйүүчү-майлоочу май коңшу өлкөгө көмүскө ташылып жатканы менен түшүндүргөн. 



Ссылка: https://barometr.kg/kazakstandan-kyrgyzstanga-kjch-maj-salyksyz-tashylyp-keline-bashtajt



Добавить комментарий