Казакстандагы жол кырсыктан кыргызстандык айдоочу, үч жүргүнчү каза болду
Бөлүшүү:
Самара — Шымкент жолунда адам өмүрүн алган жол кырсыгы болгонун zakon.kz басылмасы жазды.
Ага ылайык, окуя 16-январда болгон. Lada-21070 үлгүсүндөгү автоунаасын айдап бараткан Кыргызстандын жараны аба ырайынын катаалдыгын эске албастан тайгак жолдо каршы тилкеге чыгып кеткен. Ал Chevrolet Cruze автоунаасы менен кагышкан.
Анын кесепетинен Lada-21070 машинасынын айдоочусу үч жүргүнчү менен кошо окуя болгон жерден каза болгон. Бир жүргүнчү Иргиз районунун борбордук ооруканасына жеткирилген.
Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.
Ссылка: https://barometr.kg/kazakstandagy-zhol-kyrsyktan-kyrgyzstandyk-ajdoochu-ch-zhrgnch-kaza-boldu
Добавить комментарий ×