Казакстандагы жарылуу. Каза болгондордун саны өсүүдө
Казакстандын Жаныозен аймагындагы жарылуудан каза болгондордун саны өсүүдө. Бул тууралуу Казакстандын ӨКМсынын сайтына жарыяланган маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.
Маалым болгондой, учурда куткаруу иштери уланууда.
"Куткаруучулар урандылардын астынан дагы үч адамды: бир эркек, бир аял жана бир баланы аман алып чыгышты.
Ошентип, учурда куткаруучулар урандылардын астынан төрт адамды тирүү куткарып калышты. Ошондой эле үч адамдын сөөгүн чыгарышты", — деп жазылат ӨКМнын билдирүүсүндө.
Жалпысынан сегиз адам ооруканага жаткырылды, алардын арасында куткарылып, медициналык жардамга кайрылгандар да бар.
"Урандарды тазалоо иштерине 40ка жакын техника жана 350гө жакын адам тартылды: куткаруучулар, анын ичинде кинологдор, Улуттук гвардиянын жоокерлери, жергиликтүү аткаруу органдары, тез жардам кызматы, милиция, ыктыярчылар бар", — деп жазылат маалыматта.
Эске салсак, 17-апрелде Астана убактысы боюнча таңкы саат бештер чамасында эки подъездүү 12 батирлүү эки кабаттуу үйдө жарылуу болгон. Газ баллондун жарылышынын кесепетинен үй урап түшкөн.
Ссылка: https://barometr.kg/kazakstandagy-zharyluu-kaza-bolgondordun-sany-kbjd
Добавить комментарий ×