Казакстанда жол кырсыгынан каза болгондордун сөөгүн алып келүүгө элчилик көмөктөшөт

17 января 2020 14:50 1794 Barometr
Поделиться в:
ok

Кыргызстандын Казакстандагы элчилиги ал жакта жол кырсыгынан каза болгон жарандардын сөөгүн мекенине алып келүүгө жардам берет. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Эске салсак, Самара — Шымкент жолунда Lada-21070 үлгүсүндөгү автоунаада бараткан Кыргызстандын жарандары жол кырсыкка кабылып, айдоочу жана үч жүргүнчү каза болгон. Бир жаран ооруканага жеткирилген.

Тышкы иштер министрлиги каза болгон жарандардын тизмесин жарыялады. Алар: 1991-жылы туулган К.А., 1993-жылы туулган К.А., 1995-жылы туулган К.М., 2001-жылы туулган А.М. аттуу жарандар. Ошондой эле, ооруканага 1997-жылы туулган К.Г. аттуу киши жеткирилген.

Маркумдардын сөөгү Иргиз райондук ооруканасынын өлүкканасында.

Учурда Казакстандын тийиштүү органдары жол кырсыгынын чоо-жайын тактап жатат.

Каза болгон КР жарандарынын туугандарына кабар берилди.

Ссылка: https://barometr.kg/kazakstanda-zhol-kyrsygynan-kazabolgondordun-sgn-alyp-kelg-elchilik-kmktsht



Добавить комментарий