Казакстанда коронавирус жуккандар 800дөн ашты

10 апреля 2020 13:23 833 Barometr
Поделиться в:
ok

10-апрелге карата Казакстанда коронавирус 802 кишиге коронавирус жукканы тастыкталды. Өлкөнүн саламаттык сактоо министрлигинин берген маалыматы боюнча бир суткада өлкө боюнча жаңы 21 учур аныкталган.

Оору жуккандар Нур-Султан менен Алматы шаарларында көп.

Маалыматка ылайык, ооруну 60 казакстандык жеңип, тогуз киши каза болгон.

Ал ортодо дүйнө жүзү боюнча илдет 1,6 миллион кишиге жугуп, 90 миңден ашык кишинин өмүрүн алды.

Кыргызстанда 298 кишиден коронавирус табылып, беш киши өмүрү менен кош айтышты.

Ссылка: https://barometr.kg/kazakstanda-koronavirus-zhukkandar-800dn-ashty



Добавить комментарий