Казакстанда коронавирус чыкканы аныкталды

13 марта 2020 14:55 1137 Barometr
Поделиться в:
ok

Казакстанда коронавирус чыкканы аныкталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Елжан Биртанов катышкан жыйында белгилүү болду.

“Тилекке каршы кайта-кайта текшерүүдөн кийин Казакстанда биринчи жолу коронавирус табылганы тастыкталды. Ал бейтап Германиядан кайтып келген”, — деди Биртанов.

Ал Казакстанда коронавируска чалдыккан эки учур (бир аял менен бир эркек) катталганын айтты.

Бейтаптар Алматыда стационарга жаткырылды. Клиникалык симптомдор жок, алар өздөрүн жакшы сезип жатат.

Казакстандын президенти буга чейин коронавирустан улам балдарын карап үйдө отурган ата-энелерге акы төлөнгөн эмгек өргүү берүү керектигин айтып, өкмөткө тапшырма берген болчу.

Ссылка: https://barometr.kg/kazakstanda-koronavirus-chykkany-anyktaldy



Добавить комментарий