Казакстанда коронавирус үч миңден ашык кишиге жукту
Поделиться в:
Соңку маалыматтар боюнча Казакстанда 3019 кишиге коронавирус жукканы тастыкталып, 754 киши оорудан айыкты.
Саламаттык сактоо министрлигинин берген маалыматы боюнча оорудан 25 киши каза болду.
Ошол эле маалда, Казакстандын ири шаарларында өзгөчө абал кирип, карантин менен коменданттык саат режими иштеп жатат.
Аны менен катар Казакстан бардык мамлекеттер менен аба каттамдарын токтоткон. Алар качан жанданары азырынча белгисиз.
Эке салсак, дүйнө жүзү боюнча илдет 3 миллиондон ашык кишиге жугуп, 940 миңге жакын киши оорудан айыкты. Ал эми оору 212 миңден ашык кишинин өмүрүн алды.
Ссылка: https://barometr.kg/kazakstanda-koronavirus-ch-miden-ashyk-kishige-zhuktu
Добавить комментарий ×