Казакстанда карантиндик чектөөлөр эки айга узартылды

30 июля 2020 09:31 1968 Barometr
Поделиться в:
ok

Казакстанда карантиндик чектөөлөрдүн мөөнөтү жеңилдетилген шартта дагы эки айга узартылды. Бул тууралуу Казакстан президентинин басма сөз кызматы шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Өлкөдөгү эпидемиологиялык абалдын курчуп кетүү ыктымалдыгын эске алып, чектөө чараларынын жакшы натыйжаларын сактап калуу үчүн карантиндик чектөөлөр жеңилдетилет. Этап-этабы менен айрым ишканаларга уруксат берилет. Мөөнөтүн узартуу чечимин өлкө башчы Касым-Жомарт Токаев кабыл алды.

«Казакстанда 5-июлда карантин жарыялангандан тартып коронавируска чалдыккандардын саны азайды. Туруктуу түрдө күнүнө 1500-1600 кишиден коронавирус аныкталууда. Айыккандар, тез жардам кызматына кайрылгандар азайып, стационарлардагы орундар 47% бошоду. 5-июлда киргизилген эки жумалык карантиндин мөөнөтү 2-августка чейин узартылган. 3-августта айрым ишканалар жандана баштайт, бирок тартип баштагыдай катуу сакталышы керек», — деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, Казакстанда вирус жуктургандардын жалпы саны 86 миң 192ге жетти. Анын ичинен 793 бейтап каза болду.

Ссылка: https://barometr.kg/kazakstanda-karantindik-chektlr-eki-ajga-uzartyldy



Добавить комментарий