Казакстанда бир үй-бүлөнүн 5 баласы өрттөн каза болду
Казакстандын Жамбыл облусуна караштуу Жанатас шаарында өрт чыгып, беш бала каза болду. Бул тууралуу Казакстандык Tengrinews.kz. сайты жазган маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.
Каргашалуу окуя, кече 19-февралда саат 15:15 чамасында болгон. Жанатас шаарынын экинчи кичи районунда беш кабаттуу турак үйдөн өрт чыккан. 16 чарчы метр аянттагы үчүнчү кабаттагы батир күйүп кеткен.
"Батирде беш кичинекей бала болгон. Алар 2015, 2016, 2017, 2019 жана 2020-жылдары туулган жашы жете элек балдар болгон. Алдын ала маалыматтар боюнча, үй-бүлөнүн атасы жумушта болгон, энеси дүкөнгө кеткен.
Өрттүн кесепетинен жашы жете элек балдардын бардыгы көмүр кычкыл газынан жабыркап, тезинен ооруканага жеткирилген, бирок, дарыгерлердин кылган аракетинен майнап чыкпай балдардын баары каза болуп калган», - деп айтылат маалыматта.
Учурда, тилсиз жоонун келип чыгуу себептери такталып жатканы кабарланды.
Ссылка: https://barometr.kg/kazakstanda-bir-j-bldn-zhashy-zhete-elek-5-bala-rttn-kaza-boldu
Добавить комментарий ×