Казакстанда балдарын карап үйдө отуган ата-энелерге эмгек өргүүгө чыгышы мүмкүн
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев коронавирустан улам балдарын карап үйдө отурууга мажбур болгон ата-энелерге эмгек өргүүгө чыгуусун камсыздап, ошол эле учурда акча дагы төлөп берүү боюнча маселени иштеп чыгууну тапшырды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, үйдө балдарын карап отурууга мажбур болгон ата-энелердин бирине эмгек өргүү каралып, аны менен кошо эмгек акысы дагы төлөнөт.
“Өкмөт мекемелерди фискалдык мехнизмдер менен колдоп туруу үчүн чараларды кабыл алышы керек”, — деп айтылат маалыматта.
Казакстандын бийлиги коронавирустан улам окуучулардын жазгы каникулу узарткан.
Дүйнөлүк саламаттык уюму 11-мартта билдирүү таратып, Кытайда башталган коронавирус эпидемиясы пандемияга айланганын айткан. Вирус 110дан ашык өлкөгө жайылып, 131 миңден ашык кишиге жуккан. Ал эми 5 миңге жакын киши каза болду.
Ссылка: https://barometr.kg/kazakstanda-baldaryn-karap-jd-otugan-ata-enelerge-emgek-rgg-chygyshy-mmkn
Добавить комментарий ×