Казакстанда алгач ирет эркек киши көргөн түшү үчүн соттолуп жатат
Казакстандагы Байкоңур шаарынын тургуну көргөн түшү үчүн күнөөлөнүп, иши тергелүүдө. Бул тууралуу Sputnik Казакстан кабарлады.
Байкоңурдун тургуну алдыңкы жүз жылдыкта казакстандыктардын баары жок болорун, “Аралтуз” кытайлыктарга сатыларын түш көргөнүн айтып видео жарыялаган.
Кызыл-Ордо областынын полиция департаменти байкоңурлуктун көргөн түшүнө байланыштуу кылмыш ишин козгоду.
“Видео тараткан эркек кишиге байланыштуу Кылмыш кодексинин 174-беренеси-улуттук, диний негизде алдамчылык кылуу беренеси боюнча кылмыш иши козголду”,-деп билдирди областтын полиция департаментинин башчысынын орун басары Байжан Байгелди.
Бул берене боюнча байкоңурдун тургуну эки жылдан жети жылга чейин абакка кесилиши ыктымал.
Ссылка: https://barometr.kg/kazakstanda-algach-iret-erkek-kishi-krgn-tsh-chn-sottolup-zhatat
Добавить комментарий ×