Казакстан эли 5 жашар кызды уурдаган кылмышкерди берүүнү талап кылды (Видео)

25 июля 2020 11:22 1344 Barometr
Поделиться в:
ok

Казакстандын эли 5 жашар кызды уурдап кеткен кылмышкерди берүүнү талап кылды. Бул тууралуу аталган өлкөнүн ММКларына шилтеме берип «Барометр» которду.

Окуя 23-июлда саат 21:00дө Казакстандын Караганда облусунда катталды. Андагы Сартпаев шаарынын тургундары 5 жаштагы кызын уурдап кетишкендиги тууралуу арыз жазып жергиликтүү милицияга кайрылышкан.

Кичинекей кызды милиция менен кошо ыктыярчылар жана шаар тургундары издешкен. Жыйынтыгында 5 жаштагы кыз көп кабаттуу үйлөрдүн биринен табылды.

«Көп кабаттуу үйдөн кичинекей баланын ыйлаган үнүн уккан кошуналар милиция чакырышкан. Коопсуздук кызматы келип кызды таап, кылмышкерди кармашты. Кармоо учурунда шаар тургундарынан көп адам чогулуп, кылмышкерди аларга берүүнү талап кылышкан», - деп айтылат маалыматта.

Изделип жаткан кыз табылгандан кийин ооруканага жаткырылды.

Жаралган башаламандыкты токтотуу үчүн Улуттук гвардиянын күчү жана жакынкы региондордогу милиция кызматкерлери тартылган.

Бул тууралуу жүздөгөн район тургундарынын катышуусундагы башаламандык учурундагы видео социалдык тармактарга жарыяланды.


Ссылка: https://barometr.kg/kazakstanda-5-zhashtagy-kyz-uurdalyp-kylmyshkerdi-zhazaloo-chn-el-surap-zhatat-video



Добавить комментарий