Казакстандан Кыргызстанга гумжардамга келген ундун сактоо мөөнөтү эки айдан кийин бүтөт

26 июня 2021 09:44 4726 1 Barometr
Поделиться в:
ok

Казакстан Кыргызстанга 10 миң тонна унду гуманитардык жардам катары берди. Бул тууралуу  өкмөттө болгон жыйында Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев билдирди.

Анын айтымында, гуманитардык жардам эки күн мурда келген.

“Тилекке каршы ундун нымдуулугу жогору. Сактоо мөөнөтү - 2 ай.Ошондуктан аны сатып, түшкөн каражатка дан азыктарын алууну сунуштайм”,-деп айтты министр.

Ал быйыл фермерлерден 150 тонна дан алуу пландалганын кошумчалады.

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/kazakstan-saktoo-mnt-tp-baratkan-undu-kyrgyzstanga-gumzhardamga-bld



Добавить комментарий

  • Бок жаман эмес жок жаман ,Рахмат казак бооролорго эки айда бул беш жолу желип кетет